реклама
super.kg logo

Ысык-Атада резонанстуу кылмыштын бети ачылды (абайлаңыз сүрөттөр)

 

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда эки кишинин өлүмү боюнча резонанстуу кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2013-жылдын октябрь айында Токмок шаарынын ички иштер органдарына 1989-жылы туулган Н.Кунбасов жана 1988-жылы туулган Т.Ишеновду табууга көмөк көрсөтүү үчүн эки жаран кайрылган, алар 2013-жылдын 22-октябрында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, издөө иштери башталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон адамдардын турган жерин аныктоо максатында бир катар тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүшкөн. Атайын багыттамалар жөнөтүлүп, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдардын мүмкүн болгон байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Мындан тышкары мамлекеттик чек арадан өтүү фактысын аныктоо максатында тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлүп, жоголгонго чейин байланышта болгон бир катар адамдар суралган.

2022-жылдын 3-майында милицияга Ак-Кудук айылындагы талаада адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалган.

Андан кийин табылган сөөктөр 2013-жылы дайынсыз жоголгон Н.Кунбасов жана Т.Ишеновго таандык экендиги туугандары тарабынан такталган.

"Бул кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган Х.Ш. жана 1964-жылы туулган Х.Ж. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, өлтүрүлгөн адамдар менен шектүүлөрдүн уулдарынын ортосунда пикир келишпестик чыгып, мушташуу болуп, анда шектүүлөр таш менен урушкан. Кылмыш жасагандан кийин кылмышты жашыруу максатында шектүүлөр өлүктөрүн Ысык-Ата районунун аймагына көмүп салышкан. Мындан тышкары 2014-жылы тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөр суракка алынган, бирок алар жалган көрсөтмө беришкен, тактап айтканда алардын ортосундагы чыр-чатак тынчтык жолу менен чечилгенин жана жоголгон адамдарга эч кандай тиешеси жок экендигин айтышкан", - деп жазылат билдирүүдө.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(7)
11.05.2022. 14:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
193
Катталган:
21-09-2020
Соӊку аракети:
28-05-2022 02:45
Жынысы:
Белгисиз
+11
Адам болбой калгырлар.. Ошончо жыл кантип жүрөктөрү чыдашты экен
11.05.2022. 15:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1488
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
28-05-2022 03:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алматы
+8
Кан жибербейт деген чын.
11.05.2022. 16:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
397
Катталган:
18-09-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 22:30
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сакал койуп алышат
11.05.2022. 17:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
353
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
27-05-2022 20:20
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тообо кылдым сакалчандардын образы терс болуп бараткандай.
11.05.2022. 18:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
233
Катталган:
15-09-2020
Соӊку аракети:
28-05-2022 02:41
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тообо кылдым,Аллахым жаннаттык кылган болсун. Канча жылдар отуп сооктор калыптыр, кытайдын материалдары чирибейт экен даа... Ыкчам тергоо деп кошпой коюшса деле болот. Ыкчам эмес коп жылдар отуптур
11.05.2022. 19:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
512
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
11-05-2022 19:59
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адам сымал айбандар сакалчандарды да жаман корсотот ушуга окшогон иттер
13.05.2022. 21:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
364
Катталган:
27-11-2018
Соӊку аракети:
26-05-2022 22:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуга окшогондорду урук иукуму менен жок кылыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
191082;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: