Белгилүү дизайнер-модельер Арзубек Вонама Бишкек шаарында 7-сезондук көргөзмөсүн өткөрдү.
Иш-чарада казак, өзбек элинен келген дизайнерлердин эмгектери дагы көрсөтүлдү, ошондой эле белгилүү казак блогери Мадина Мамадалиева (Мадлен) көргөзмөнүн көркүн ачты.
Мындан тышкары иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков келип, "Сүрөт тартсаң аябай чоң жолборс тарт, болбосо мышык болуп калат. Мыктысың, дагы чоң-чоң ийгиликтерди багынт!" деп куттуктоо сөз сүйлөп, дизайнерге Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисин тапшырды.
Көргөзмөдө дизайнердин шакирттеринин эмгектери көрсөтүлдү. Алардын арасынан эң мыктысы тандап алынып, Миланга жолдомо ыйгарылды.