Кубанын Гавана шаарындагы мейманканада болгон жарылуудан каза тапкандардын саны 43 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 10-майга карата жарылуудан жабыркагандардын саны 97ге жеткен. Алардын 17си ооруканага жаткырылып, 37 адам дарыгердин көзөмөлүнөн кийин үйлөрүнө чыгарылган. Ошондой эле жарылуудан каза болгон адамдардын саны 43кө жеткен.
Оор абалдагы 6 адамдын экөөсү жаш балдар. Жалпысынан жашы жете элек 5 бала ооруканага жаткырылган.
Эске салсак, "Saratoga" мейманканасында 6-майда эртең менен газ жарылуусу болгон. Жарылуунун толкуну имараттын 5-кабатына чейинки фасадын талкалап, коңшу 17 имарат, анын ичинде мектеп да зыянга учураган. Алдын ала маалыматтарга караганда, жарылууга газ сактаган цистернадан газдын агып чыгышы себеп болгон. Бийлик окуяны кокустук деп атады.