Жалал-Абадда мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү аныктоо максатында рейд өткөрүлдү

Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан шаардагы соода түйүндөрдө мөөнөтү өтүп кеткен жана тез бузулуучу азыктар текшерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда айрым супермаркеттердеги мөөнөтү өткөн азык-түлүктөр аныкталып, эскертүүлөр берилди. Эскертүү берилген соода жайларында кайрадан мындай учур аныкталса, 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынары айтылат маалыматта.

Эске салсак, өткөн аптада Ош шаарында тез бузулуучу азыктардан массалык уулануу фактысы катталган. Ошондой эле 5-май күнү Бишкекте тез татым жайында 11 адам ууланганы кабарланган.
Мындан улам тийиштүү кызматтар жер-жерлерде текшерүүлөрдү өткөрүп жатат.

Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери мындай учур каттала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан