Казакстанда 8-кабатта асылып турган наристени жергиликтүү тургун куткарып калды

Казакстандын Нур-Султан шаарында жергиликтүү тургун 8-кабаттан кулап бараткан 3 жашар наристени куткарып калды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, бүгүн эртең мененки саат 10:25те 102 кызматына 8-кабаттын терезесинен бала асылып тургандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге полиция дароо барган. Бактыга жараша, полиция кызматкерлери жеткенге чейин ошол жактагы тургундардын бири наристенин терезеде асылып турганын байкап, өз өмүрүн тобокелге салып, наристени куткарып калган.
Полиция кызматкерлеринин маалыматына караганда 3 жаштагы кыз үйдө жалгыз болгон. Ал жумшак оюнчуктары менен терезеге чыгып ойноп жатып, асылып калган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан