Депутат Арсланбек Малиев өлкөдө марихуананы мыйзамдаштыруу керек экендигин айтып чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев өлкөдө кумарканаларды гана эмес, марихуананы да мыйзамдаштырууну керектигин айтты. Бул тууралуу депутат бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Биздин жарандарыбыз кумарканага баргысы келсе Казакстанга барып деле кумарканаларда ойной берет. Аларга тыюу салсаңар дагы бара берет. АКШда эки шаар кумарканалардын эсебинен өнүгүп жатат. Булар Лас-Вегас жана Атлантик Сити. Мен ойлойм, бул маселени колдош керек. Керек болсо кумарканаларды эле эмес, марихуананы дагы мыйзамдаштырууга убакыт келди. Ысык-Көлгө апийим эгип, аны унутуп калганбыз. Мунайсыз, газсыз экономиканы кантип көтөрөбүз деп ойлонушубуз керек", - деди Малиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан