Катуу жааган жаандан улам Алматыны сел каптады (видео)

Казакстандын Алматы шаарында катуу жааган жаандан улам шаарды суу каптады. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-майда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Алматы шаарындагы көчөлөрдү, турак үйлөрдүн короолорун суу каптаган.

Алматы акимиаты суу ташкындарын жоюу боюнча подрядчылар нөөмөттө турганын билдирген. Көчөлөрдөгү сууну сордуруп тазалоого жалпысынан 609 адамдан турган мобилдик бригада, 252 атайын техника тартылып, 2050 кап кум жыйналган.

Ошондой эле Алматынын Өзгөчө кырдаалдар департаменти көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун, жер төлөлөрүн суу каптаганы тууралуу 27 билдирүү түшкөнүн белгилеген.

Алматыда катуу жаан жаап, шаарды суу каптады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан