Түндүк Кореяда пандемия башталгандан бери алгачкы жолу илдет аныкталганы айтылды

Бүгүн, 12-майда Түндүк Кореяда COVID-19 илдети алгачкы жолу катталганы белгилүү болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн борбордук телеграфтык агенттигинин маалыматына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 12-майда Эмгек партиясынын кезексиз отуруму өтүп, ага өлкө лидери Ким Чен Ын катышкан. Анда дүйнө жүзүн COVID-19 пандемиясы каптагандан бери, тагыраагы 2020-жылдан бери алгачкы жолу илдет катталганы айтылган.

"Биздин өлкөдө 2020-жылдын февраль айынан бери, тагыраагы 2 жыл 3 айдан бери коронавирустун бир дагы учуру катталган эмес. Илдеттин алгачкы жолу катталышы күтүүсүз болду. Ар бир шаар, район кирип-чыгууларга чектөө коюп, вирустун андан ары жайылышына жол бербеш керек. Биз бул күтүүсүз пайда болгон кризистен чыгабыз", - деген Ким Чен Ын.

8-майда Пхеньянда бир адамдын анализи оң жыйынтык көрсөтүп, коронавирустун омикрон штаммы аныкталган. Мындан улам өлкө бийлиги өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечимин кабыл алганы айтылат маалыматта.

Буга чейин Түндүк Кореянын бийлиги өлкөдө COVID-19 илдети катталбаганын айтып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан