Буга чейин Ош облусунун Өзгөн районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болуп, 9 адам жаракат алганы жазылган. Жаракат алган жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилген.
Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына таянсак, жеринде каза болгон айдоочунун (1991-жылы туулган М.Н.) уулу 2016-жылы туулган Т.А. денесинен оор жаракат алып, Өзгөн райондук ооруканасында каза болгон. Ал эми кызы 2017-жылы туулган Т.Н. денесинен оор жаракат алып, ооруканада саат 16:00 чамасында көз жумган.
Калган жүргүнчүлөр денелеринен ар кандай жарааттарды алышып, Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган.
Аталган кырсык боюнча Өзгөн РИИБинин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү ресстрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.