Ош облусунун Өзгөн районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болуп, 9 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 595-чакырымынын (ред.; Ана-Кызыл айылы) Toyota land Cruiser жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши (1991-жылы туулган М.Н.) каза болуп, 9 киши (5 эркек жана 4 аял) ар кандай жаракат алышкан (аты-жөндөрү такталууда).
Куткаруучулар жеткенге чейин маркумдун жансыз денеси жана оор жаракат алган жарандар "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Жерине 4 куткаруучу тартылып, жеңил жаракат алган жарандарды Өзгөн райондук ооруканасына жеткиришкен.