Токаев менен Эрдоган эми Казакстанда стол теннисин ойноону макулдашты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз катчысы Руслан Желдибай социалдык тармактагы баракчасына Касым-Жомарт Токаевдин Түркияга болгон иш сапары тууралуу билдирүү жасады.

Ал бул сапар Токаевдин быйылкы алгачкы мамлекеттик сапары экенин белгилеп, Казакстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп Түркия тааныганын жазган. Руслан Желдибай Касым-Жомарт Токаев менен Режеп Тайип Эрдогандын жолугушуусунун жыйынтыгында 14 маанилүү документке кол коюлганын билдирди.

"Өлкө башчынын Түркияга болгон эки күндүк иш сапары бир туугандык, достук маанайда өттү. Стратегиялык өнөктөштүк сөз жүзүндө гана эмес, реалдуу документте да тастыкталды", - деп жазды Казакстандын президентинин басма сөз катчысы.

Ал ошондой эле Токаев менен Эрдоган күзүндө Казакстанда стол теннисин ойноону улантууну макулдашканын айтты.

Эске салсак, 10-майда Түркияда өткөн расмий иш-чаралардын соңунда Казакстан менен Түркиянын президенттери стол теннисин ойношкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан