Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандан кетүүнү пландап жатат. Бул тууралуу министр журналист Лейла Саралаевага берген маегинде айтты.
"Министрлик кызматым аяктагандан кийин мен кетким келет. Мени Түркияга, Орусияга чакырып жатышат, ошол жакка барып иштейм. Себеби мен бул жерде көп адамдардын кыжырын келтирдим. Көптөр 30 жылдан бери бактылуу жашап, азыр эч нерсеси жок калышты. Ошондуктан мен бул жерде министр болуп иштеп, анан кетким келет", - деди Бейшеналиев.