Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын дүйнөдө коронавирус пандемиясы башталгандан бери биринчи жолу эл алдына бет капчан чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-майда Түндүк Кореядагы жумушчу партиясынын сегизинчи жыйыны болуп өткөн. Анда өлкө лидери бет кап тагынып чыккан. Бул пандемия башталгандан кийин Ким Чен Ындын эл алдына бет капчан биринчи жолу чыгышы.
Ким Чен Ын столго отургандан кийин бет кабын чечип койгон.
Бүгүн, 12-майда Түндүк Кореяда COVID-19 илдети алгачкы жолу катталган.