Орусиянын Москва шаарында 16-майда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун юбилейлик саммити өтөт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песковго таянып жазып чыгышты.
Ага ылайык, саммиттин алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жолугушуусу орун алат.
"16-майда ЖККУнун 30 жылдыгына карата Москвада уюмга мүчө мамлекеттердин саммити өтөт. Ошондой эле өлкө лидерлеринин жолугушуусу жана эртең мененки тамак форматында алардын өзүнчө баарлашуусу да болот", - деген ал.
ЖККУ - Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму. КМШнын аймагында ОДКБ (Организация договора о коллективной безопасности) деп орусча аталышы менен таанымал. Тынчтыкты, эл аралык жана аймактар аралык коопсуздукту, туруктуулукту камсыздоону, мүчө мамлекеттердин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, улуттук баалуулуктарын жамааттык түрдө коргоону максат кылган аскердик уюм.
Азыркы тапта ЖККУнун курамында 6 мамлекет бар. Алар Орусия, Казакстан, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Кыргыз өлкөсү.