2010-2014-жылдар аралыгында "Дастан" ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовго төрт кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов журналисттерге билдирди.
"Алексей Ширшовго карата 2010-жылы 3 кылмыш иши, 2014-жылы 1 кылмыш иши козголгон. Биринчи кылмыш иши Ширшовго "Дастан" ААКсынын акцияларын мыйзамсыз чыгарган фактылар боюнча козголгон. Бул кылмыш иши 2011-жылы соттун кароосуна жиберилген.
Экинчи кылмыш иши 2010-жылдын июлунда Ширшовдун "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын жана "Сити Холдинг" ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн мамлекетке каршы келишим деген негиз менен козголгон.
Үчүнчү кылмыш иши "Бишкек Энерго Комплекс", "Ресурс Энерго Универсал" жана "Бишкекгаз проект", ошондой эле "Кыргызгаз" ААКсынын ортосунда мамлекеттин кызыкчылыгына каршы түзүлгөн келишимдер боюнча бир топ беренелер менен кылмыш иши козголгон. Ага айыбы угузулуп, 2010-жылдын сентябрь айында соттун кароосуна жиберилген.
Аталган үч кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан бир өндүрүшкө бириктирилип, чогуу каралган. Анын жыйынтыгында 2015-жылдын 19-январында Алексей Ширшов "Дастан" ААКсынын акцияларын мыйзамсыз чыгарган фактысы боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылган.
Бул өкүмгө Ширшовдун жактоочулары даттанышып, Бишкек шаардык соту 2015-жылы өкүмдү өзгөртүп, 2015-жылы Ширшовго 100 эсептик көрсөткүчтөгү айып салынган", - деди Камолидинов.
Ошондой эле, Сирожиддин Камолидинов 2014-жылдын июнь айында Башкы прокуратура Алексей Ширшовго "Витязь" пансионатындагы участоктун мыйзамсыз менчиктештирилишине байланыштуу кылмыш ишин козгогондугун билдирди. Ага карата кылмыш-жаза кодексинин "Ишкердик кылууга мыйзамсыз катышуу" беренеси боюнча айып тагылып, иш сотко жөнөтүлгөн.
"2018-жылдын октябрь айында Октябрь райондук соту Ширшовду 309-берене менен күнөөлүү деп таап, бирок иштин эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. 2019-жылдын 17-майында Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. Соттун бардык өкүмдөрү мыйзамдуу күчүнө кирип, Алексей Ширшовдун баш коргоо чарасы жокко чыгарылган", - деди Сирожиддин Камолидинов.
Белгилей кетсек, "Дастан" ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалып, үй камагына чыгарылган. Андан соң президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча билдирүү жасаган. Кийинчерээк экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров мамлекет башчынын маалыматын четке каккан.