SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун тургуну кайрылды. Ал облустук оорукананын эне жана бала бөлүмүндө шарттар начар экендигин айтып, даттанды.
"Облустук оорукананын эне жана бала бөлүмүнө (грудной оделение) жатканбыз. Ал жакта суусу муздак, таракандар көп, "шприц, системаны өзүңөр алып келгиле" дейт. Медайымдардын бейтаптарга жасаган мамилесине чеке жылыбайт.
Бир эле кол жууй турган раковина бар. Ал дагы сынык. Керебеттердин алды жуулбайт", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.