Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа бен Заид Аль Нахайян узакка созулган оорудан улам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
"Президенттин иш башкармалыгы Бириккен Араб Эмираттарынын элине жана дүйнөгө өлкө лидери, Улуу урматтуу Халифа бен Заид Аль Нахайян бүгүн, 13-майда 73 жашында дүйнө салганын кабарлайт", - деп жазылган билдирүүдө.
Аль Нахайян президенттик кызматты атасы Заиб ибн Султан Аль Нахайян каза болгондон кийин, тагыраагы 2004-жылдын 3-ноябрынан бери аркалап келген. Ал Бириккен Араб Эмираттарынын экинчи президенти.
Халифа бен Заид Аль Нахайян дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарын толуктап келген. Forbes басылмасынын эсептөөлөрү боюнча, анын байлыгы 15 миллиард долларды түзгөн. Ал эми анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн байлыгы 150 миллиард доллар деп бааланган.
Мындан тышкары ал кирешеси 875 миллиард долларды чапчыган "Abu Dhabi Investment Authority" инвестициялык фондун жетектеп келгендиги айтылат маалыматта.