реклама
super.kg logo

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти каза болду

 

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа бен Заид Аль Нахайян узакка созулган оорудан улам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

"Президенттин иш башкармалыгы Бириккен Араб Эмираттарынын элине жана дүйнөгө өлкө лидери, Улуу урматтуу Халифа бен Заид Аль Нахайян бүгүн, 13-майда 73 жашында дүйнө салганын кабарлайт", - деп жазылган билдирүүдө.

Аль Нахайян президенттик кызматты атасы Заиб ибн Султан Аль Нахайян каза болгондон кийин, тагыраагы 2004-жылдын 3-ноябрынан бери аркалап келген. Ал Бириккен Араб Эмираттарынын экинчи президенти.

Халифа бен Заид Аль Нахайян дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарын толуктап келген. Forbes басылмасынын эсептөөлөрү боюнча, анын байлыгы 15 миллиард долларды түзгөн. Ал эми анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн байлыгы 150 миллиард доллар деп бааланган.

Мындан тышкары ал кирешеси 875 миллиард долларды чапчыган "Abu Dhabi Investment Authority" инвестициялык фондун жетектеп келгендиги айтылат маалыматта.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
13.05.2022. 17:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
23-01-2017
Соӊку аракети:
25-05-2022 12:59
Жынысы:
Белгисиз
+6
Супер. Неге билайн тарифтерди кымбаттатып, элдерден сурабай эле эскертуусуз оз билгенин кылып жатат. Билип бергилечи
13.05.2022. 18:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
10-12-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 10:55
Жынысы:
Белгисиз
+13
pusur, Билайн орустардыкы,сенин салган эдиницан Орустарга пайда, Мегаком го өтүп кет, өзүбүздүкү Ошка дагы болбойт,Ал Казактардыкы салган эдиницаң Казакстан бюджетине түшөт..
13.05.2022. 18:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
23-01-2017
Соӊку аракети:
25-05-2022 12:59
Жынысы:
Белгисиз
+8
Usmanbekali,мегакомго отот окшойбуз
13.05.2022. 23:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
10-12-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 10:55
Жынысы:
Белгисиз
+2
pusur, Мегакомго өткүлө Өлкөбүзгө бир аз болсода салым кошкон болобуз
13.05.2022. 23:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
19-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 23:45
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мегакомго өткүлө туугандар биз төлөгөн акча өзүбүздүн өлкөдө калат
13.05.2022. 23:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
25-10-2021
Соӊку аракети:
25-05-2022 12:16
Жынысы:
Белгисиз
+2
Baha.Kyrgyzstan,Баткендин айылдарына да койулсун мегаком отмокпуз чын журоктон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
191082;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: