"Угуучу аппарат, буттун протези бар...". Barbie куурчактарынын өзгөчө жаңы коллекциясы сатыкка чыгат

Америкалык Mattel компаниясы Barbie куурчактарынын жаңы коллекциясын чыгарат. Анын өзгөчөлүгү болуп куурчактарда угуучу аппарат, буттун протези жана теридеги кемчиликтери бар куурчактар болмокчу. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматка караганда, бул балдарга кичине кезинен эле дүйнөдө ар түрдүү адамдар бар экенин жана аларды ошол өзгөчөлүгү менен кабыл алууга үйрөтүүгө багытталган. Куурчактардын жаңы коллекциясында угуучу аппараты, буттун протези, бетиндеги табигый тактары, көзүнүн же терисинин түсү башка болгон куурчактар бар. Мындай куурчактар ушул жылы сатыкка чыга баштайт.

Угуучу аппараттарды туура чагылдыруу үчүн компания отоларинголог Жен Ричардсон менен иштешкени айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан