Улуу Британия Алина Кабаева менен Владимир Путиндин мурдагы жубайына каршы санкцияларды киргизди

Улуу Британия Орусиянын президенти Владимир Путиндин каржы тармагын, анын ичинде анын жакын чөйрөсүндөгү адамдарга санкцияларды киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жаңы санкциялар орус президентинин мурдагы жубайы Людмила Очеретнаяга, эки тууганы – Игорь менен Роман Путинге, башка туугандарына жана президенттин досторуна тиешелүү болору белгиленген. Ошондой эле, Алина Кабаева жана анын чоң энеси Анна Зацепилина да санкцияга кабылышкан.

Жаңы санкцияларга активдерди тоңдуруу, Улуу Британияга кирүүгө тыюу салуу жана аталган өлкөдө саякаттоого чектөөлөр кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан