Караколдогу үй-бүлөлүк медицина борборунун директору 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды (фото)

Барскоон айылында Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору 100 миң 500 сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 13-май күнү саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматтык укук бузууларга жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында 100 миң 500 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн координатору, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Ж. кармалган.

"Кармалган жаран акча каражатын өз кезегинде орто медициналык кызматкерлерден чогултушкан Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелеринин жооптуу кызматкерлеринен алган", - деп билдиришти УКМКдан.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан