реклама
super.kg logo

"Эскертилген". Министрлик Суусамыр суусуна түшүп кеткен Бакир Исаков боюнча маалымат таратты

 
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айрым социалдык баракчалар аркылуу Суусамыр өрөөнүндөгү Суусамыр дарыясына түшүп кеткен 42 жаштагы Бакир Исаковду издөө иштери боюнча маалымат тарагандан кийин билдирүү жасады.
Буга чейин Бакир Исаковдун эжеси министрликтин ишине нааразы болуп жатканын жергиликтүү басылмаларга билдирген.
Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Суусамыр өрөөнүндөгү дарыянын аралчасында калган жылкысын чыгарып берүүнү өтүнгөн кайрылуу түшкөндүгүн билдирип, буларга токтолду.
"Бирдиктүү нөөмөт 112 кызматынын нөөмөтчүлөрү бир нече жолу чалуу түшкөндөн кийин, суунун көлөмү көп болуп, түшүүгө кооптуу экенин эскертишкен. Бирок жаран сууга кирип, жылкысын алып чыгуусун талап кылган.
11-май күнү саат 11:00 чамасында куткаруучулардын бир нече жолу эскерткендигине карабай Бакир Исаков кайык менен өз алдынча сууга кирүүгө аракет кылганда куткаруучу кайыкка түшкөн.
Кайык суунун катуу агымына туруштук бере албай оодарылып кеткен. Жаранды куткарууга куткаруучулар аракет кылышкан, тилекке каршы суунун агымы өтө күчтүү болгондуктан куткаруучу жээкке сүзүп чыгууга аргасыз болгон, ал эми Б.Исаков дарыядан сүзүп чыга албай калган.
Кырсык болор замат куткаруучулар куткарууга бир топ аракет кылышкан. Издөө иштери ошол күндөн бери жүргүзүлсө да өз натыйжасын бере элек. Жерине барган куткаруучулар буга чейин суунун деңгээли жогору болгондуктан түшүү кооптуу экенин агып кеткен жаранга бир нече жолу эскертишкен", - деп жазылат ӨКМнын маалыматында.
Бүгүнкү күндө сууга чөгүп кеткен жаранды издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 20 куткаруучу жана суучулдар кызматынан 5 суучул тартылган. Куткаруучулар топ-топторго бөлүнүп, Суусамыр дарыясында жана жээктеринде издөө иштерин жүргүзүүдө.



aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
14.05.2022. 05:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
17-04-2018
Соӊку аракети:
28-05-2022 05:52
Жынысы:
Белгисиз
+3
жылкы табылат эле да
14.05.2022. 09:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
162
Катталган:
01-09-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 23:54
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондо аркан байлап,коопсуздук чараларды көрүп андан кийин сууга түшпөпсүңөрда.
Тарткылык,ажал айдаган,шайтан шаштырган дейбиз бирок,алдын алуу чараларын сактаганда мындай болбойт беле,де ойлойбузда.
14.05.2022. 10:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1447
Катталган:
02-11-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 22:54
Жынысы:
Белгисиз
+4
Болбогон дүнүйө үчүн кээде өз жаныбызды да курмандыкка чалып коёбуз да
14.05.2022. 11:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
24-02-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 23:09
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирине бири каршы маалымат,суу сактагычты толтура алышпай жатышат,а бул сууну кара адам эмес жылкы өтө албагандай көп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
191082;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: