Илон Маск Твиттерди сатып алуу боюнча келишимдерди убактылуу токтотту. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Америкалык миллиардердин айтымында, ал Твиттердеги фейк аккаунттардын саны жалпы колдонуучулардын 5 пайызынан ашпай турганы тастыкталганга чейин сатып алуу боюнча келишимдерди токтотуу чечимин кабыл алган.
Буга чейин Илон Маск америкалык Твиттер социалдык тармагын 44 миллиард долларга сатып алгандыгы кабарланган.