Ош облусунун Алай районундагы Корул айылынын тургуну порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылды.
Жергиликтүү тургун аталган айылдагы сел алып кеткен көпүрө оңдолуп бүтпөй, элге бир топ түйшүк жаратып жатканын билдирди.
"Корул айылында негизги жолдогу көпүрөнү 3-майда сел алып кеткен. Бирок ушул күнгө чейин көпүрө оңдолуп бүтө элек. Айланма жолду дагы суу каптап, элдин каттоосуна аябай кыйынчылык болуп жатат. 9-майдан бери оңдоо иштери да токтоп калган", - дейт тургун.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.