Америкалык ырчы, актриса Бритни Спирс боюнан түшүп калганын айтып чыкты

Америкалык ырчы, актриса Бритни Спирс боюнан түшүп калганын айтып чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Белгилүү болгондой, актриса апрель айында жолдошу Сэм Асгари экөө наристе күтүп жатканын айткан.

"Кош бойлуулуктун башталышында балабыздан ажыраганыбызды терең кайгыруу менен айтабыз. Бул ар бир ата-эне үчүн кайгылуу окуя. Балким, биз наристе күтүп жатканыбызды мынчалык эрте жарыялабашыбыз керек болчу. Бирок биз абдан толкунданып, жакшы кабарды бөлүшүүнү чечкенбиз", - деп жазган ал.

Ошондой эле ырчы колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирген.

Айта кетсек, Бритни Спирстин мурунку жолдошу Кевин Федерлайндан 2 уулу бар. Бирок ырчынын психологиялык көйгөйлөрүнөн улам балдар 2008-жылы соттун чечими менен атасы менен жашап калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан