Бүгүн Бишкектеги Будённый көчөсү жабылат

Бүгүн, 16-майда Бишкектеги Будённый көчөсүнүн Куликовский көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү канализациялык иштерден улам жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, курулуш иштери 5 этап менен жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө узундугу 310 метр болгон магистралдык канализация тармактарын куруунун биринчи этабы аяктоо алдында турат. Экинчи этапта узундугу 500 метр тармактарды куруу пландаштырылууда. Курулушта диаметри 300 мм болгон түтүктөр колдонулат.

"Курулуш иштерин подряддык уюм "Арай" ЖЧКсы жүргүзүүдө. Ушул жылдын май айынын аягына чейин тармактык курулуштун биринчи жана экинчи кезектегисин бүтүрүү пландалууда. Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан маршрутун алдын ала пландап алууну суранат", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан