Атактуу акын, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаев Токтогул районуна караштуу Мазар-Сай айылында туулган. Жоомарт Бөкөнбаев 1726-1931-жылдары Оштогу, андан соң Фрунзедеги педтехникумда, 1933-1935-жылдары Москвада журналисттердин коммунисттик институтунда окуган. Эмгек жолун 1931-жылы "Кызыл Кыргызстан" гезитинде бөлүм башчы болуп иштөөдөн баштап, 1935-1941-жылдары "Ленинчил жаш" гезитинин редактору, "Советтик адабият жана искусство" журналынын башкы редактору болуп иштеген.
Менин каным
Каным – ташкын, азоо ээ-жаа бербеген,
Каным – үмүт, көккө колду сермеген.
Каным – кайрат, көздөгөнүн ала алат,
Каным – чынчыл, калп-карага көнбөгөн.
Каным – адил, ага-буга берилбейт,
Каным – шыктуу, эмгек кылат, эринбейт,
Каным – тапчыл, өз табымды сүйөмүн,
Каным – таза, маңгиликке чирибейт.
Каным – баатыр, эмгекчи үчүн төгүлөт,
Каным – жарык, теңдик жерге себилет.
Менин каным – заводдогу жумушчу,
Мен да кылам колум кысып жумушту.
Калемге
Көңүлдүн ачып пардасын,
Күкүктөй күүң сайрасын!
Деңиздей ташып,
Кайратың ашып,
Жаранын тапсын айласын.
Балкасын соккон баатырдын,
Кайратын мактап ашыргын.
Адымдап басып, кызыл чок чачып,
Эскини кууп качыргын!
Менин ырым
Менин ырым – кимдер үчүн ырдалат,
Толкуп жүрөк кимдер үчүн ыргалат?
Күндүр-түндүр кубулжуган үн менен,
Булбул добуш кимди мактап күү чалат?
Мен ырдабайм кызыл алтын зер үчүн,
Мен ырдабайм напси бузуп мал үчүн.
Мен ырдаймын – кайрат болуп эмгекке,
Таза жүрөк – жанган жалын ал үчүн!
16-майга карата жылнаама.