Түштүк Корея COVID-19 пандемиясы учурунда Түндүк Кореяга жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёль Улуттук ассамблеянын пленардык жыйынында сөз сүйлөп жатып билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.
Түштүк Корея президентинин айтымында өлкө Түндүк Кореяга коронавирустун чыгышына каршы бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүгө даяр.
"Эгер Түндүк Корея биздин колдообузга макул болсо, биз медициналык буюмдарды, анын ичинде COVID-19 вакциналарын, медициналык жабдууларды жана медициналык персоналды аябайбыз. Биз Түндүк Корея элине керектүү жардамды көрсөтүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек", - деген ал.
Буга чейин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Пхеньянды дары-дармек менен камсыздоону турукташтыруу үчүн аскер күчтөрүн колдонууга буйрук берген. Түндүк Кореянын лидери мамлекет тарабынан сатылып алынган дары-дармектер дарыканалар аркылуу элге өз убагында жана так жетпей жатканын белгилеген.