Кыргызстан менен Казакстандын депутаттарынын жолугушуусу: Эмне маселе көтөрүлдү?

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажлисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жамбыл облусунун Кордай айылында биргелешкен көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чаранын жүрүшүндө эки өлкөнүн парламенттик делегациялары “Ак-жол” (Кордай), “Карасу” (Актилек) өткөрүү пункттарынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Өткөрмө жайларынын жетекчилери баяндама жасашты.

Андан ары депутаттар Кордай айылында биргелешкен жыйын өткөрүп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чынгыз Айдарбеков өз ара алакаларды чыңдоонун эффективдүү механизми катары мындай эки тараптуу дипломатиялык жолугушуулардын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле туризмди туруктуу өнүктүрүүдө Казакстан Кыргызстандын жакын өнөктөшү экенине токтолуп, алдыдагы туристтик сезонго карата даярдык көрүү жана өткөрүү маселелери боюнча ой бөлүштү.

Ал эми депутат Адахан Мадумаров эки элдин тарыхый достук жана бир туугандык мамилелерине негизделген кыргыз-казак өнөктөштүгү стратегиялык мүнөзгө ээ экенин кошумчалады. Муну менен катар автотранспорт чөйрөсүндөгү кызматташууну жөнгө салган эки тараптуу ондогон келишимдердин жана документтердин талаптарын сактоо зарылчылыгы жөнүндө сөз кылып, Кыргыз Республикасынан келген жүктөрдүн жана жарандардын өтүүсүнө карата Казакстандын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан текшерүү жана контролдоо чараларын ишке ашыруунун тартиби боюнча пикирин билдирди.

“Көптөгөн келишимдер, резолюциялар, макулдашуулар бар. Бирок, алар иш жүзүндө колдонулбай калууда. Мындан жеке ишкерлер жапа чегип, жүк ташуучу унаалар узак убакыт кезек күтүүдө. Бизди кандай тосуп жатсаңыздар, эки тараптын бажычылары айдоочуларды да ошондой тосуп алуусун каалар элем”,- деген Адахан Мадумаров айтылган көйгөйлөрдү тез арада чечүү керектигин белгиледи.

Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Улан Бакасов узун кезектерден улам ишкерлер, өзгөчө тез бузулуучу жүктөрдү ташуучулар чыгымга учурап жатканын жүйө келтирди. Ага ылайык, жүктөрдү ташууда керектүү шарттарды түзүүнү өтүнүп, чек арадан өтүү жол-жобосун жеңилдетүү эки өлкөнүн жарандарына жана бизнес өкүлдөрүнө социалдык-экономикалык жактан жакшы натыйжа берерин кошумчалады.

Ошондой эле, депутат Нуржигит Кадырбеков Казакстан менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселесин сөз кылып, диалогго ачык экенин жана боордош мамлекеттин жарандарына ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин депутаттары 2022-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасы мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан мекендештер жана чет элдиктер үчүн ПЦР тестине же COVID-19га каршы эмдөө боюнча документке талаптардын алгоритмдери жокко чыгарылганын эске салды.

Ушуга байланыштуу, депутаттар коңшу мамлекеттеги кесиптештеринен эки өлкөнүн чек арасындагы COVID-19га байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү алып салуу маселесин тиешелүү республикалык штабдын кароосуна сунуштоону суранышты.

Муну менен катар биргелешкен жыйында жүк ташуучу унааларда ташылуучу товарларды тастыктоо, товарлардын ЕАЭБдин санитардык-карантиндик нормаларына шайкештигин аныктоо, керектүү документтердин камсыздалышы өңдүү маселелер талкууланды

Өз кезегинде Казакстан Парламентинин Мажилисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрайымы Айгүл Куспан Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү кызыкдар экендигин билдирип, айтылган маселелерди Казакстандын парламентинин пленардык жыйынында көтөрөрүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан