"Азовсталь" заводундагы украиналык аскерлер тоннелден ак желек көтөрүп чыгышты

Украинанын "Азовсталь" заводундагы он аскери багынып беришти. Бул тууралуу "Восток" батальонунун командири Александр Ходаковскийге таянуу менен орус басылмалары жазды.

Анын айтымында, жакында эле тосулган тоннелден аскерлер ак желектин астында чыгышкан. Ал багынып берген аскерлерге ыраазычылыгын билдирген.

Ошондой эле, "Восток" батальонунун командири анын аскерлери бир күн мурун "Азовсталь" заводунда жер астындагы коммуникацияга дагы бир кире беришин тапканын айтып, заводдун астындагы тоннелдер километрге созулуп, украиналык согушкерлерге мезгил-мезгили менен сыртка чыгууга мүмкүнчүлүк берерин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан