Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.О.Кожошевдин кеңешчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, УКМК тарабынан өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экс-жетекчиси Ы.Т.К. пара алуу боюнча кылмышка шектелүүдө.
"2016-жылы башкармалыктын мурдагы жетекчиси Ы.Т.К. чет элдик ишкер С.С.дан эшектерди Кыргызстандан Кытайга алып чыгууга уруксат берүү маселесин чечип берерин убада кылып, 70 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын алган. Ошол эле учурда С.С. аттуу ишкерге уруксат документтерин көрсөтүшкөн эмес жана акчасын кайта кайтарып берген эмес", - деп билдиришти УКМКдан.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча кылмыштардын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.
2022-жылдын 14-майында УКМК тарабынан каражаттардын бир бөлүгүн С.С. аттуу ишкерге кайтарып берүү учурунда пара менен Ы.Т.К. кармалган.
Маалым болгондой, кармалган Ы.Т.К. азыркы учурда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.О. Кожошевдин кеңешчиси экендиги аныкталган.
Учурда бул кылмышты жасоого катыштыгы бар адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.