Коңшу Казакстандын Каскелең шаарынын көчөлөрүндө көк бөрү ойногондор шаар тургундарынын нааразычылыгын жаратты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда өткөн дем алыш күндөрү Каскелеңде өткөн көк бөрүнүн видеосу тарады. Кадрлардан катышуучулар жолдун боюнда көк бөрү тартып жүргөнүн көрүүгө болот. Шаардыктар атчандардан чочуп, кийин нааразы боло башташкан.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, атчандар токтоп турган унааларды талкалап, чийип салышкан. Ошондой эле атчандардын көбү болуп жаткан окуяны видеого тартууга тыюу салып, коркутушкан.
Бул боюнча полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатканын билдирген.
"15-майда Каскелең шаарынын көчөлөрүндө атчандардын тобу көк бөрү оюнун өткөрүшкөн. Бул оюн райондук акимчилик менен макулдашылган эмес. Оюнга катышкандардын кыймылы шаардын бир нече көчөлөрүндө катталган. Бул факты Карасай райондук ички иштер бөлүмүндө катталды", - деп билдиришкен полициядан.