Жаштарды китепке байлаган дүйнөлүк жазуучу Сара Жио тууралуу кызыктар

Учурда чыгармалары менен жаштардын жүрөгүнөн түнөк тапкан америкалык жазуучу Сара Жионун ысымын укпаган адам саналуу эле чыгар. Жазуучу романтикалык жана психологиялык проза жанрындагы чыгармалары менен дүйнөлүк атактуулукка ээ болгон. Анын романдары биринчи кезекте өткөн менен келечекти айкалыштырып, каармандардын татаал турмушу, оор чечимдерди кабыл алууга дуушар болгон окуяларын баяндайт. Саранын китептеринин мукабалары назик гүлдөр менен кооздолуп окурмандарды сүйүүнүн күчүнө ынандырууга үгүттөйт.

Аты-жөнү: Сара Жио (Sarah Jio)

Туулган жери: АКШ, Бейнбридж

Туулган жылы: 1978-жыл, 18-февраль

Кесиби: жазуучу, журналист

Белгилүү чыгармалары: "Фиалки в марте", "Соленый ветер", "Тихие слова любви", "Назад к тебе", "Ежевичная зима", "Лунная тропа", "Утренне сияние" жана башкалар.

Чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамдар

Жазуучунун балалыгы Бейнбридж аралында өткөн. Балалыгында эле келечекте ким болорун чечкен Сара ошол убакта эле гуманитардык илимдерге кызыккан. Мектептеги танапистерин дагы аңгемелерди жазууга короткон. Кийин мектепти бүткөндөн кийин Сиэтлда Вашингтон университетинде окуп, жашап калат. Университетте окуп жүргөндө эле Саранын макалалары гезит-журналдарга жарыяланып турган. Анын макалалары белгилүү "The New York Times", "Glamour", "Marie Claire" журналдарында жарык көргөн.

Миллиондорду китепке байлаган дебюттук чыгармасы

Чыгармачылыкка жол мектепте окуп жүргөндө эле башталган. Бирок дебюттук романы болуп 2011-жылы жарыяланган "Фиалки в марте" эсептелинет. Чыгарма 5 жылдай басмаканалардын баш тартуусунан улам жарыкка чыга алган эмес. Көптөгөн кыйынчылыктардан кийин окурмандардын колуна тийген чыгарма чоң популярдуулукка ээ боло алган. Роман көптөгөн рейтингдердин сап башынан орун алып, дүйнөлүк бестселлерге айланган. Саранын кийинки чыгармалары дагы окурмандар тарабынан жакшы кабыл алынып дүйнөлүк басмаканалар менен келишим түзө алган. Сара Жио жазган чыгармалар дүйнөлүк популярдуулукка ээ болуп, 22ден ашуун тилге которулган. Окурмандардын сүймөнчүгүнө ээ болуусунун себеби анын чыгармаларынын эки учурду байланыштырып жазгандыгы. Анын чыгармалары эки башка мезгилди өз ара байланыштырып турат.

Үч баланы тарбиялап келет

Сара Жио 2000-жылы 23 жашында турмушка чыккан. Бирок жылдызы келишпеген түгөйлөр 2013-жылы эки айрым жолго түшүшөт. Ажырашуудан кийин Сара үч баласы менен жалгыз калат. 2019-жылы өз адамымды таптым деген Сара Брендон Эбель аттуу адам менен баш кошот. Азыркы күндө Сараны блогер деп атасак да болот. Ал өз баракчасында сулуулук, фитнес, сергек жашоого багытталган программалар жана ошондой эле кулинардык шедеврлери менен бөлүшүп келет. Сара жашоосун үй-бүлөсүнө жана чыгарма жазууга, ошондой эле журналисттик кесибине арнаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан