Москвада ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлери биргелешкен документтерге кол коюшту

Орусиянын Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчылары бир катар биргелешкен документтерге кол коюшту. Бул туурасында бүгүн, 16-майда президенттин администрациясынан билдиришти.

Кол коюлган документтер:

- ЖККУ Жамааттык коопсуздук Кеңешинин (ЖКК) Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына байланыштуу билдирүүсү;

- “ЖККУнун Казакстан Республикасынын аймагында тынчтык орнотуучу операциясынын катышуучуларын ЖККУ сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими. Чечимге ылайык, ушул жылдын башында ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн курамында абалды турукташтыруу үчүн Казакстан Республикасына чектелген мөөнөткө жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бир катар офицерлери жана аскер кызматкерлери сыйлыктар менен сыйланышты.

ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн негизги милдеттери болуп маанилүү мамлекеттик жана аскердик объектилерди коргоо, Казакстан Республикасынын укук коргоо органдарына кырдаалды турукташтырууда жана аны укуктук талаага кайтарууда көмөк көрсөтүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан