Тажикстанда митингге чыккандардын бири милиция менен кагылышууда каза болду

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарында 16-майда өткөн нааразылык акциясында бир киши каза болду. Бул тууралуу "Озоди" радиосу” жазды.

Маалыматка ылайык, 14-майда да Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботанын жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Автоном облустун бийлиги митингчилердин аймактын жетекчилерин кызматтан алууга байланыштуу талабын "мыйзамсыз" деп мүнөздөп, аны аткаруудан баш тарткан. Митингчилер талаптар аткарылмайынча нааразылык акциялары улана берерин айткан. Тажик бийлигинин өкүлдөрү өлкөдөгү "мыйзамсыз нааразылык акциялары террорчулук катары эсептелине турганын" эскерткен.

Хорогдогу кырдаал өткөн жылдын ноябрында курчуп кеткен. Анда күч түзүмдөрүнүн операциясы маалында 29 жаштагы Гулбиддин Зиебеков аттуу жергиликтүү тургун өлтүрүлгөн. Бийликтин элди таратуу аракетинен майнап чыккан эмес. Чогулгандар маркумдун сөөгүн администрациянын алдына коюп, анын өлүмүн иликтөөнү талап кылышкан.

16-майда милиция Хорог шаарынын борборуна багыт алган жаштардын тобун токтотуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ жана желим окторду колдонгон.

Анда Гулакен конушунун 30 жаштагы тургуну милиция менен кагылышууда каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан