Элчи Өмүрбек Текебаев Ватикандын өкүлүнө немис тилиндеги «Манас» эпосу тууралуу китепти белекке берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-майда Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Өмүрбек Текебаев дипломатиялык корпустун Дуайени, Германиядагы Апостолдук Нунцийи Никола Этерович менен жолукту.
Апостолдук Нунций Өмүрбек Текебаевди элчи кызматына дайындалгандыгы менен куттуктап, ишмердүүлүгүнө максималдуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Өмүрбек Текебаев маектешине Кыргыз Республикасындагы учурдагы саясий кырдаал, ошондой эле Кыргызстандын экономикалык реформаларды ишке ашырууга багытталган улуттук кызыкчылыктары жана пландары жөнүндө маалымат берди. Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын кызыкчылыктарынын жана умтулууларынын айрым багыттары Ыйык Тактынын (Ватикан) жүргүзүп жаткан саясатына дал келерин белгиледи.
Маектештер Кыргыз Республикасы менен Ыйык Тактынын (Ватикан) ортосундагы кызматташтыктын эки тараптуу күн тартибин, ошондой эле региондогу жана жалпы дүйнөдөгү коопсуздук, экология жана башка гуманитардык маселелерди кеңири талкуулашты.
Элчи Өмүрбек Текебаев маектешине кыргыз элинин тарыхы жөнүндө кеңири айтып берип «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан немис тилинде чыгарылган «Манас» эпосу тууралуу иллюстрацияланган китепти белекке берди.
Жолугушуунун аягында Апостолдук нунций кызыктуу маек үчүн ыраазычылыгын билдирип, бардык белгиленген пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.
Маалымдама: Апостолдук Нунций — Ыйык тактынын (Ватикан) дипломатиялык мамиледе болгон мамлекеттериндеги Рим Папасынын туруктуу дипломатиялык өкүлү.