Никол Пашинян 2020-жылы Азербайжан менен болгон жаңжалда ЖККУнун аракеттерин сынга алды

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөр аракеттерин синхрондоштуруусу керектигин билдирди. Ошол эле маалда 2020-жылы Азербайжан менен болгон жаңжал учурунда уюмдун иш-аракеттерин сынга алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Тилекке каршы, уюм Армения күткөндөй реакция кылды деп айта албайбыз", - деп жооп берген Никол Пашинян ЖККУнун саммитинде уюмдун мүчөлөрүн биргелешип аракеттенүүгө жана коркутууларга жооп кайтарууга чакырган Беларусь президенти Александр Лукашенконун билдирүүсүнө.

Пашинян 2020-жылы Азербайжан менен болгон жаңжал учурунда Армения ЖККУну Азербайжанга курал сатпоого чакырганын, бирок уюмдун мүчөлөрү бул өтүнүчкө көңүл бурбаганын баса белгилеген. Ошол эле учурда Армениянын премьер-министри Орусияга Тоолуу Карабахтагы согуштук аракеттерди токтотууга жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан