Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ден соолук үчүн салык салуу потенциалын жогорулатуу боюнча атайын семинарга катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Семинардын жүрүшүндө Кыргызстандагы өлүмдүн негизги себептери бул жугуштуу эмес оорулардын катарына кирген жүрөктүн ишемиялык оорусу, инсульт, цирроз жана өпкө оорулары экендиги айтылды.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында, аталган дарттар тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин жана тузду колдонуу, кыймылсыздык, ашыкча салмак жана семирүү, туура эмес тамактануу сыяктуу иш-аракеттердин натыйжасында келип чыгары белгиленген.
Эдил Байсалов Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктер менен тамекилердин баасы эң төмөн экенин белгиледи.
"Бир бөтөлкө арак бир бөтөлкө кока-коладан арзан болушу мүмкүн эмес. Бул калктын саламаттыгынын начарлашына гана алып келбестен, экономиканын өнүгүшүнө олуттуу тоскоол болуп жатат", - деди ал.
Өз кезегинде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова жугуштуу эмес оорулардын жайылышын алдын алуу, келечекте аларды ишке ашырууга кеткен чыгымдардан бир нече эсе жогору экендигин айтып өттү.
ДСУнун болжолдоолору боюнча, алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасынын 15%га өсүшү аларды керектөөнүн көлөмүн 22%га кыскартып, кошумча 52 млн доллар акциздик салыктын түшүүсүн шарттайт. Ошондуктан, адамдын ден соолугунун кызыкчылыгында салык салуу жугуштуу эмес ооруларды азайтуунун эффективдүү чарасы гана эмес, экономикалык жактан да үнөмдүү боло алары айтылды.
Белгилей кетсек, семинар эки күн бою өтүп, анын жыйынтыгында ден соолук үчүн салык салуу тармагындагы потенциалды жогорулатуу боюнча теориялык жана практикалык сунуштар иштелип чыга турганы кошумчаланды.