Жеңилбес мушкер Муса Ямак беттеш учурунда жүрөгү токтоп каза болду (видео)

Түрк улутундагы германиялык мушкер Муса Ямак беттеш учурунда жүрөк оорусу кармап каза тапты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Муса Ямак Гархинг шаарында өтүп жаткан бокс боюнча турнирде угандалык Хамза Вандера менен беттешип жаткан. Беттештин 3-бөлүгү башталарда Ямак күтүүсүздөн эстен танган. Дарыгерлер ага жардам көрсөткөнүнө карабастан мушкер ооруканада каза тапкан.

Аталган окуядан кийин бокс турнири токтотулганы маалым болду.

Белгилей кетсек, 38 жаштагы Муса Ямак бокстагы карьерасын 2017-жылы баштаган. Мушкер бокста өткөргөн 8 беттештин бардыгында жеңишке жеткен. Ошондой эле WBF версиясы боюнча жеңил салмактагы чемпиондук курдун ээси болгон.

Германиялык мушкер беттеш учурунда жүрөгү токтоп каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан