Президенттин Орусияга жасаган иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 16-майда өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Москвага иш сапары аяктады.
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана уюмдун 20 жылдыгына арналган мааракелик жыйынына Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Николь Пашинян, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышты.
Өлкө лидерлери эл аралык жана аймактык коопсуздуктун абалын, ЖККУнун азыркы реалдуулуктагы ролун жана ордун, ошондой эле кризиске каршы аракеттенүү системасын өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча Жамааттык коопсуздук Кеңешинин Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана уюмдун 20 жылдыгына байланыштуу билдирүүсүнө, ошондой эле "ЖККУнун Казакстан Республикасынын аймагында тынчтык орнотуучу операциясынын катышуучуларын ЖККУ сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" чечимине кол коюлду.
Сыйлангандардын арасында Казакстандагы январь окуясында ЖККУнун контингентинин курамында тынчтыкты сактоо миссиясын аткарган Кыргызстандын бир катар аскер кызматкерлери бар.
Президент Садыр Жапаров саммит аянтчасында тет-а-тет форматында Владимир Путин менен жолугушуп, кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты.
Мамлекет башчы иш сапары аяктаган соң бүгүн, 17-майда Бириккен Араб Эмирликтеринин президенти Шейх Халифа бин Заид Аль Нахаяндын каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү иш-чараларына катышуу үчүн Москвадан Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) багыт алды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан