Орусия менен Украина сүйлөшүүлөрдү токтотконун жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бул тууралуу биринчи билдирүүнү Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко жасаган.
"Сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан жок. Украина сүйлөшүү процессинен иш жүзүндө чыгып кетти", - деген ал.
Кийинчерээк Украинанын президентинин аппаратынын жетекчиси Михаил Подоляк Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр токтотулганын ырастаган.
"Бирок ал калыбына келтирилет жана менимче, кийинкисинде модератор Зеленський болот", - деген Подоляк.
28-февралда Беларуста Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү болуп өткөн. Анда тараптар бир чечимге келе алышкан эмес.
Андан кийин тараптар Стамбул шаарында жолугушкан.