Түрк лирасынын курсу бир жылдын ичинде эң төмөнкү чегине жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түркиянын мамлекеттик банктары акыркы эки күндүн ичинде валютаны колдоо үчүн 1 миллиард доллардан ашык каражат сатышкан. Бирок буга карабастан лира 2,1 пайызга чейин төмөндөп кетти. Бул декабрдан берки эң начар көрсөткүч. Түрк валютасы быйыл 16 пайызга арзандаган. Бул Шри-Ланка рупиясы жана ганалык седиден тышкары дүйнөдөгү эң начар көрсөткүч.
Түркиянын каржы министри Нуреддин Небати буга чейин өкмөт каржы рынокторунда туруктуулукту камсыздап, лиранын долларга жана еврого карата курсунун туруксуздугун көзөмөлгө алганын билдирген.
Түрк лирасынын 2021-жылдын 23-ноябрында 18 пайызга кулашы акыркы 20 жылдын эң жогорку көрсөткүчү болду. Доллардын курсу былтыр январда 7,4 лира болсо, 20-декабрда рекорддук көрсөткүчкө жетип, 18,4 лирага жеткен.