Алматыда 23 жаштагы келин салмагы 6 килограммдан ашык болгон кыз төрөдү

Казакстандын Алматы шаарындагы №2 шаардык төрөт үйүндө салмагы 6 килограмм 20 грамм болгон кыз төрөлдү. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, дарыгерлер чоң ымыркай төрөлөрүн күтүп жатканын айтып мындай салмакта төрөлгөн ымыркайга таң калып жатышканын билдиришкен.

"Биз ымыркайдын салмагы алты килограммдан ашат деп өзүбүз деле күткөн эмеспиз. УЗИ түйүлдүк төрт килограммдан ашарын көрсөткөн, бирок так салмагын УЗИ менен аныктоо мүмкүн эмес. Биздин оорукананын тарыхында 4 килограмм 290 грам болуп төрөлгөн ымыркай бар болчу", - деген төрөт үйүнүн неонатология бөлүмүнүн башчысы Диляра Сыртанова.

Төрөттөн кийин ымыркай 10 күн жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлер менен медайымдардын күнү-түнү көзөмөлүндө болгон.

Ымыркайды 23 жаштагы келин жарык дүйнөгө алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан