Депутат Дача-СУ боюнча комиссияга Алмазбек Атамбаевдин адвокатын кошуу керектигин айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сейит Атамбаев Дача-СУ боюнча комиссиянын курамын сынга алды. Анда жалаң бийликтин жактоочулары менен саясатчылар толуп алганын айтты. Муну менен катар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевди дагы аталган комиссиянын курамына киргизүүнү өтүндү.

“Дача-СУ боюнча комиссиянын курамын карасам баары эле бийликтин адвокаттары экен. Бир тараптуу болуп жатат. Жадакалса техникалык адистер жок экен, жалаң эле саясатчы, укук коргоочулар экен. Илгери Сооронбай Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча ушундай комиссия түзгөн, бирок анысынан эч нерсе чыккан жок. Ошон үчүн Замир Жоошевди да кошуп койсоңор жакшы болмок. Өзү дагы суранып жаткан”, - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан