Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусундагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Эдил Байсалов Баткен шаарындагы жогорку класстын окуучулары менен баарлашкан. Ошондой эле Тажикстандын Ворух анклавына жакын Ак-Сай айылында жайгашкан Б.Хожаев атындагы мектепте болгон.
"Жолугушуулардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысынын орун басары мамлекет тарабынан билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөргө токтолуп, учурда суроо-талапка ээ болгон жана келечектүү кесиптердин өзгөчөлүгүнө токтолуп, жогорку окуу жайларына тапшырууда адистикти туура тандоо боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү", - деп жазылат билдирүүдө.
Катышуучулар облустагы билим берүү тармагындагы көйгөйлөр, жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу, чек арага жакын аймактардагы бүтүрүүчүлөр үчүн атайын бюджеттик орундарды бөлүп берүү жана облустагы кадр жетишсиздигин чечүү боюнча суроолорун беришкен.
Бардык суроолор боюнча министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсаловдон жана жолугушууга катышкан тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн кеңири түшүндүрмө алышты.