“Давайте” дебей сүйлөңүз!". Депутаттар жыйында кайым айтышты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Марлен Маматалиев менен Султанбай Айжигитов кайым айтышты. Алардын талашы “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду карап жатканда чыкты. Айжигитов алтын казган компаниялардын кирешесинин кеминде 30 пайыздык үлүшүн милдеттүү түрдө мамлекетке алуу мыйзам долбооруна каршы болуп, мамлекеттин үлүшүн кеминде 70 пайыз кылуу керектигин айтты.

Аталган долбоордун демилгечилеринин бири Маматалиев Султанбай Айжигитовдун өзүн сынга алды.

"Буга чейин лицензияны 300-1000 сомго сатып келишкен. Ошол жерде иштеп жүргөндө сиз эмнеге унчукпай отургансыз?" - деди Маматалиев.

Буга Айжигитов каршы пикирин айтып жатканда кайым айтышуу күч алып кетти.

"Жаш саясатчылардын ушундай позициясын укканда Кыргызстандын келечегине күмөн жаралат. Булар келечектеги премьер-министр, президент. Ошондуктан давайте...", деди эле Маматалиев "давайте" дебей сүйлөңүз, хорошо!" деп кайрылды.

Султанбай Айжигитов кесиптешин улууларды сыйлап, каяша сүйлөбөөгө чакырды эле Маматалиев "Бүгүнкү күнгө чейин жаш куракты сыйлап келгенбиз, туура сүйлөңүз!" деп жооп берди. Ушул учурда вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев эки депутаттын тең микрофонун өчүрүп, орундарына отурууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан