Кыргызстанда кечээ, 18-майда эл аралык музей күнү бардык музейлерде салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаралар атайын даярдалган программалар менен уюштурулуп, “Музейлер касиети” деген чакырыктын алдында өттү.
Мындай иш-чаранын ачылышы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманованын катышуусу менен Улуттук тарых музейинде өттү.
Ушул сындуу иш-чара Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейинде, М.Фрунзе музейинде да уланды.
Алдын ала бекитилген программага ылайык, аталган музейлер бул майрамдык күнгө карата түнкү саат 23:00 чейин жарандарды акысыз кабыл алмакчы.
Музейдеги тарыхый окуялар жанданып, келген меймандар менен бирге баарлашып, кызыктуу саякат кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
#Жашамузей