Март айында Кытайдын түштүгүндө кыйроого учураган Boeing 737 учагы атайылап жерге түшүрүлгөндөн кийин кырсыкка учураган. Мындай тыянакты авиакырсыктын себептерин иликтеген америкалык эксперттер чыгарганын чет элдик басылмалар жазышты.
Кара кутудагы маалыматтарга караганда, бийиктикти кескин төмөндөтүү буйругун кабинадагы бирөө берген. "Учак кабинадагы бирөө эмнени айтса, ошону аткарды" деген учактагы адам.
Америкалык эксперттер иликтөөнү учкучтун аракетине бурушкан. Ошол эле маалда бөтөн адам учактын кабинасына кирип, атайылап учакты кырсыкка учуратышы мүмкүн эмес.
Кырсыктын себептерин иликтеген кытайлык эксперттер лайнердин кыйрашына себеп боло турган эч кандай техникалык мүчүлүштүктөрдү табышкан эмес.
Эске салсак, март айында MU 5735 каттамы Кытайдын түштүк-батышындагы Юньнань провинциясындагы Куньмин Чаншуй аэропортунан учуп чыккан. Учак Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясынын Гуанчжоу шаарына бармак. Бирок учуу учурунда жердеги кызматтардын учак менен байланышы үзүлгөн.
Учакта 123 жүргүнчү жана тогуз экипаж мүчөсү болгон.