Президенттин командасы уткан миллион сом Оштогу ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга берилди

Президенттин командасы "Мурас” достук турниринде утуп алган миллион сом Оштогу ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын интернатына берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева кечээ, 18-майда президент Садыр Жапаровдун атынан Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Мырза-Акенин жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернатынын директоруна 1 миллион сомдук сертификат тапшырды.

Эске салсак, май айында президенттин катышуусунда футбол боюнча “Мурас” достук турнири өткөн. Турнирде “Президенттин Администрациясы” командасы жеңишке жетишип, анда мамлекет башчысы байге фонду кайрымдуулукка жумшаларын билдирген.

Асел Чынбаева футбол боюнча достук турниринин байге фондун кайрымдуулукка которуу жакшы салтка айланганын белгиледи. Буга чейин 2021-жылдын декабрында өткөн биринчи турнирдин байге фонду да жетим балдардын жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Чүй мектеп-интернатына которулган.

Ошону менен бирге балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү мамлекет башчысы билим берүү тармагына жана калкты социалдык жактан коргоого өзгөчө көңүл буруп жаткандыгына токтолду. Маалым болгондой, социалдык кызматкерлердин эмгек акысы да жогорулады, үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта жарандардын айрым категориялары үчүн социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү көбөйүүдө.

Асел Чынбаева социалдык коргоо тутумунун кызматкерлерине эмгеги жана кесипкөйлүгү үчүн өзгөчө аталган мектеп-интернаттын жамаатына ыраазычылык билдирип, ошондой эле бардыгына чың ден соолук, ийгиликтерди жана балдардын жаркын келечегин каалады.

Жумушчу сапарынын алкагында ал Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Орке айылындагы бакма балдарды тарбиялап жаткан фостердик үй-бүлөгө барып китеп, таттууларды тапшырды.

Андан соң Асел Чынбаева «Боорукердик» үй-интернатында болуп тарбиялануучулардын жашоо-шарты менен таанышты. Ошондой эле бардык окуучуларга таттуулар жана белектер берилди.

Сапардын соңунда балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгындагы Балдар иштери боюнча комиссиянын отурумуна катышып, балдарды окутуунун актуалдуу суроолоруна жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан