Жогорку Кеңеште "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын жыйыны өтүп жатат. Анда бир нече мыйзам долбоорлору боюнча талкуу жүрөрү күтүлүүдө.
Жыйын башталып жатканда депутат Айбек Алтынбеков фракция лидери Нурланбек Шакиевге кайрылып президенттин, министрлер кабинетинин өкүлү жыйынга келбегенине нааразы болду.
“Президенттин, министрлер кабинетинин өкүлү жок. Биздин фракциянын жыйынына дайыма келбейт, эмнеге? Биз эң чоң фракция болсок көйгөйлөр көтөрүлөт, маселелер айтылат, тапшырмалар берилет. Бизди тоготпойт, сизди тоготпойт”, - деди Алтынбеков.
Шакиев президенттин, министрлер кабинетинин өкүлү буга чейин катышып жүргөнүн, бүгүн дагы чакырылганын, келе турганын айтты.